Логотип

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант беришти

31.10.2024
391

2024-жылдын 31-октябрында КР КК Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн күзгү чакырыктагы жаш жоокерлерин аскердик антка келтирүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү. 

Жаш Мекен сакчыларын Улуттук гвардиянын Кол башчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, гвардиянын ардагерлери генерал-полковник Абдыгул Чотбаев,  генерал-майор Асанбек Алымкожоев, полковник Чынык Дакинов, жана Республикалык жоокерлердин энелер комитетинин өкүлү Жумалиева Мээрим,   жоокерлердин жакындары жана меймандар куттукташып, каалоо-тилектерин айтышты. 

Аскердик антка келтирүүгө чейин,  бир айдын ичинде жаш жоокерлер жалпы аскердик даярдыктан өтүшүп, аскердик кызматка зарыл болгон билимди жана саптык, дене-тарбия, ок атуунун ыкмаларын жана жалпы аскердик уставдардын беренелерин, аскер кызматынын коопсуздугунун негиздерин үйрөнүштү.

Салтанаттуу иш-чара кыска убакыттын ичинде даярдалган жаш жоокерлердин саптык даярдык жана кол мушташ ыкмалары көрсөтүүлөрү менен уланды. Соңунда жаш жоокерлердин назарына майрамдык концерт тартууланды.

ФОТОГАЛЕРЕЯ