Логотип

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкек шаарынын бала бакчаларында өтүп жаткан балдар кечелерине катышты

20.02.2024
44

2024-жылдын 19-февралында Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Бишкек шаарынын бала бакчаларында өтүп жаткан балдар кечелерине катышты.

Анда, аскер кызматчылар жаш наристелерге аскердик ырларды тартуулашып, ар кандай оюн-зоокторду уюштуруп беришти.

Соңунда бала бакчалардын тарбиялануучулары өз таланттарын тартуулашып, аскер кызматчыларды келе жаткан майрамы менен куттукташты.