Логотип

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы жаш жоокерлер менен толукталды

12.04.2024
124

2024-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы жаш жоокерлер менен толукталды.

Кыргызстандын бардык аймактарынан тандалып келинген жаш жоокерлерди аскер бөлүктүн өздүк курамы жылуу тосуп алды.

Жаш жоокерлер бир ай ичинде “Жаш жоокердин курсунан” өтүшүп, анда уставдын талаптарын үйрөнүшүп, саптык даярдык, ок атуу даярдыгы ж.б даярдыктардан өтүшөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда.