Башкы
>
Жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнүн бир айлыгы
16.03.2024
81
2024-жылдын 14-16-мартында Бүткүл дүйнөлүк социалдык адилеттүүлүк күнүнүн бир айлыгынын алкагында КР КК Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына жана Бишкек шаардык карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үй-интернатына барышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө аскер кызматчылар балдарга жана улгайган адамдарга азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүшүп, концерттик программасын тартуулашты. Мындан тышкары гвардиячылар Улуттук гвардиянын ардагери Е.И. Ильченкого барып, ага үйдүн жанындагы аймакты тазалоого жардам беришти.