Логотип

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Акча каражатын максатсыз пайдалануу фактысы жөнүндө

26.01.2024
251

Коргоо министрлигинин жергиликтүү аскердик башкаруу органдарынын (аскердик комиссариаттардын) иши боюнча комплекстүү комиссиясынын пландык ишинин жүрүшүндө аскер комиссариаттарынын биринде Кыргызстандын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнөн түшкөн 700 миң сомго жакын акча каражатын максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды.


Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат, ал аяктаган соң материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет.