Логотип

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

Афган согушунда курман болгондордун жаркын элесин эскерүү иш-чарасы болуп өттү

12.02.2024
54

2024-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Улуттук гвардиясынын 10126 аскер бөлүгүндө Советтик Армиянын чектелген контингентинин Афганистан Республикасынын аймагынан чыгарылгандыгына 35 жылдыгына карата Афганистандагы  согушта курман болгондордун жаркын элесин эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын жетекчилиги, запастагы ардагерлер генерал-полковник А.Чотбаев, гвардиянын полковниги Ч.Дакинов, гвардиянын старшинасы Э.Ункуев жана 10126 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары катышышты.

Иш-чарада Афган согуштун ардагерлери басып өткөн жолдорун эскеришип, ал согуш  тууралуу документалдуу тасмасы көрсөтүлдү.

Соңунда ардагерлерге жана өздүк курамга ооганчылардын “Караван”  тобу тарабынан даярдалган чакан майрамдык концерт тартууланды.