Логотип

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы

Башкы
>
Жаңылыктар

"Канжар-XI" машыгууcу уланууда (Сүрөт)

29.01.2024
130

2024-жылдын 22-январдан 3 – февралга чейинки мезгил аралыгында Индия Республикасынын аймагында "Канжар-XI" атайын багыттагы күчтөрдүн биргелешкен кыргыз-индия машыгуусу өтүп жатат. Кыргыз Республикасынын атынан машыгууга 52806 аскер бөлүгү катышууда.

Эки жуманын ичинде кыргыз жана Индия аскер кызматчылары тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияны жүргүзүү боюнча атайын багыттагы бөлүктөрдү даярдоо маселелери иштелип чыгат.

Машыгуу буга чейин окутулган бардык предметтерди практикалык жактан бекемдөө менен тактикалык эпизод менен жыйынтыкталат.

Эскерте кетсек, "Канжар" машыгуусу өткөн жылы Кыргыз Республикасынын  аймагында өткөрүлгөн.